• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайку унаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 манипулятор тартылган.

Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий