• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кеминде дайынсыз болгон 59 жаштагы жаранды издөө иштери натыйжа бере элек

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кеминде дайынсыз болгон 59 жаштагы жаранды издөө иштери натыйжа бере элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 7-декабрда 59 жаштагы А.С. аттуу эркек киши Кемин районундагы Жылтыр тилкесинде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

13-декабрь күнү издөө иштерин жүргүзүүгө жел кайык менен 11 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн, 14-декабрда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий