• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жарым ай мурун Нарын дарыясына түшүп кеткен баланын сөөгү суунун жээгинен табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Нарын облусунда 21-апрелде саат 19:50лөр чамасында Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде баланын сөөгү табылган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине төрт куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жогоруда аталган бала үстүбүздөгү жылдын 7-март күнү Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип, куткаруучулар тарабынан 5-апрелге чейин изделген.

Баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.

Пикир

Оставить комментарий