• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында “Океан” кафесинин 190 чарчы метр чатыры жана ашкана бөлмөсүнүн 20 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Москва районунун Петровка айылында бастырмада жыйылган 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Токмок шаарындагы Кант заводунун аянтында 20 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районунун Сузак айылында аянты 72 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын чатыры толугу менен, 150 түк чөп жана 2 тонна кык күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен шаарында турак үйдүн бөлмөсүндө килем жана үй төшөнчүлөрү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий