• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоң районунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Тоң районунда Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 89-чакырымында Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 2 адам 1990-жылы туулган А. уулу Н. жана дагы бир аял (аты-жөнү такталууда) жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандарды тез жардам кызматы Тоң райондук ооруканага алып кеткен.


 

 

Пикир

Оставить комментарий