• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргыз темир жолу": Жыл башынан бери 3 млн тоннадан ашык жүк ташылды

Экономика 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы чарба субъекттеринин жүк ташуусун өз убагында жана толук түрдө камсыз кылууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде "Кыргыз темир жолу" ишканасы тарабынан ташылган жүктүн көлөмү 3 млн 183 миң 902,6 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 330,2 миң тоннага көп болгон. Өсүш 111,6%ды түзгөн.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы гуманитардык жүктү ташууну ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий