• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында жаңы көзөмөл өткөрүү пункттары ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 02.09.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан 30-августта төрт жаңы көзөмөл өткөрүү пункттарын ачты. Бул тууралуу Kun.uz порталы Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Кыргыз-өзбек чек арасында Риштан (Өзбекстан), Кайтпас (КР), Туль Отукчу, Ленбург Апкан, Девайрам Боз-Адыр аталыштагы көзөмөл бекеттери ишке кирди.

Андан тышкары, Өзбекстан-Кызыл-Кыя өтмөк пунктарынын иштөө убактылары өзгөргөн. Эгер алар 07:00дөн 18:00гө чейин иштешсе, эми алар 06:00дөн 20:00гө чейин иш алып барышат.

Аталган пункттарды ачуу боюнча макулдашуу 23-август күнү чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий