• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз жарандарын РФда жумуш орду боюнча миграциялык каттого алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Россия менен Кыргызстан кыргыз мигранттарды миграциялык каттоого жашаган жери эмес жумуш орду боюнча алуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Россия тараптан жасалган бул кадам орус жергесинде жүргөн кыргыз жарандары үчүн кабыл алынган миграциялык жеңилдетүүлөрдүн уландысы болуп калышы мүмкүн.

“Кыргызстандын 600 миңден ашык жараны Россиянын аймагында жүрөт. Ошондуктан да бул маселенин жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине кириши абдан маанилүү. Биздин президент учурда орус тараптан мекендештерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жасап жаткан иштерин улантуу боюнча маселени көтөргөн. Анын ичинде бир маселе биздин жарандарга миграциялык жеңилдетүүлөрдү улантуу боюнча болгон”, - деп билдирди Сыдыков.

Ал Россиянын лидери Кыргызстанга мамлекеттик визити менен келээрдин алдында Россияда жүргөн кыргыз жарандарына “миграциялык мунапыстын” экинчи этабын жарыялангандыгын эскертти.

“Бирок орус тарап андан да ары барган. Россиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандарга Россиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет. Ал үчүн "миграциялык мунапысты" колдоно турган жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө ID-карта же чет өлкөлүк паспорту менен келиши керек. Ал жактан миграциялык каттоого алынып, жаңы миграциялык карта берилет", - деди Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий