• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте кайгуулчулар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү

Коом 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте 8-10-декабрга чейин өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 500дөн ашык кызматкер коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат.

ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн келген коноктордун кортеждери өткөн кезде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет, ал эми жол жээгине калтырылган автоунаалар эвакуацияланат.

- "Манас" аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.

Кайгуул кызматы убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий