• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматкерлери баңгизаттарды аныктоо боюнча тренингден өттү

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын 16 кызматкери баңгизаттарды аныктоо боюнча тренингден өттү.

Бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чара Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жардамы менен Адистештирилген окутуу бажысы тарабынан өткөрүлдү.

Ведомстводон белгилешкендей, тренинг төмөнкү темаларды камтыды:

  • Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун импорттоо/экспорттоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
  • Жаңы психотроптук заттардын жана амфетамин тибиндеги симуляторлорунун жайылышына каршы аракеттенүү;
  • Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легалдаштырууну аныктоо.

Пикир

Оставить комментарий