• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 5 жылдыздуу мейманкана курулат. Президент мартта курулушка старт берет

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарында ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алдыдагы март айында президент 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө.

"Президент Жапаровдун мурунку президенттердин башын кошуп, ынтымакка алып келгендигинин жыйынтыгы натыйжа бере баштады деп жакшылыкка жоруганыбыз туура болчудай.

Себеби өлкөдө ынтымак болсо, туруктуулук дагы бекемделип, инвесторлордун ишенимдүү иш алпаруусу шартталат. Бишкек шаарына ири 5 жылдыздуу мейманкана салуу ниети менен инвесторлор келишти. Өзүңүздөр билгендей, инвесторлор үчүн эң негизги факторлордун бири — бул өлкөдөгө туруктуулук.

Алдыдагы март айында мамлекет башчысы 5 жылдыздуу мейманкананын курулушун баштоо үчүн мезгил кутучасын салып, пайдубалын түптөөсү мерчемделүүдө", - деди ал.

Султанбаев учурдан пайдаланып, дүйнөлүк бренддеги 5 жылдыздуу мейманканалардын ээлерине, ири ишкерлерге кайрылды. "Келгиле, келип Кыргызстанга 5 жылдыздуу мейманканаларды салгыла. Мамлекет жерди бекер берет, бажы алымдарынан жеңилдиктер берилет, 3-5 жылга чейин салыктан бошотобуз".

Ал бул боюнча толук кандуу маалымат алуу үчүн түз эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке кайрылса болорун кошумчалады.

- Дареги: Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1.

- Байланыш телефондору: +996 312 623 844, +996 312 300 284.

Пикир

Оставить комментарий