• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстада чакан ГЭС куруу үчүн инвесторлор изделүүдө, долбоордун суммасы — $27 млн

Экономика 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК кубаттуулугу 25 МВт болгон Папан суу сактагычынын дамбасына кичи ГЭСти куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн процедурасына чакырат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, долбоордун инвестициялык суммасы болжол менен 27 млн долларды тузөт. Инвестицинын акыркы суммасы ыйгарым укуктуу орган бекиткен долбоордук-сметалык документтерге ылайык аныкталат.

Сынакка катышууну каалагандар квалификациялык тандоо арызы менен конвертти 2024-жылдын 11-марты саат 16:00гө чейин Чүй облусу, Аламүдүн району, ГЭС-3 айылы, Суворова көчөсү, 113 дареги боюнча тапшырса болот. .

Долбоорго байланыштуу суроолор боюнча МЖӨ борборуна кайрылууга болот. Дареги: Бишкек шаары, Исанов көчөсү №87, кабат, 310-кабинет, тел.: +996 (312) 61 11 29.

Пикир

Оставить комментарий