• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан 16-июндан тартып Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоодо

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча макулдашты.

16-июндан 4-июлга чейин Өзбекстанга 192,5млн кВт/с электр энергиясы экспорттолгон. Келишимге ылайык октябрь айына чейин коңшу өлкөгө 1,25млрд кВт/с электрэнергиясы экспорттолушу керек.

Потенциалдуу сатып алуучу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр сууну туура пайдалануу максатында 2017-жылдын февраль айынан тартып башталган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6-июлга карата 18,78 млрд куб метрге жетти. Бир түндө толуучу суунун көлөмү суу сактагычта болжолу менен 50 млн куб метрге жетет.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, суу сактагычтагы суунун көлөмү 22-июлда, эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелген 19,5 млрд куб метрге жетиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий