• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан аркылуу Кытайдан Афганистанга товар жеткирүүнү тездетүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 8-9-сентябрда Ташкент шаарында Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстан, Өзбекстан жана Афганистандын темир жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу өттү.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, жолугушуу Кытайдан Афганистанга жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү жана логистикалык-инфраструктуралык түзүмдү өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Кыргыз делегациясын “Кыргыз темир жолу” МИнин башкы директору Азамат Сакиев жетектеди.

Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн алкагында келечектүү долбоорлор жана кызматташуунун жаңы жолдору, учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында тараптардын логистикалык инфратүзүмүн модернизациялоо, Кашкардан (Кытай) Хайратан (Афганистан) бекетине жүктөрдү чыгаруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну уюштуруу, товарлардын кошумча көлөмүн тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана тарифтик коюмдарды белгилөө маселелерин талкуулашты.

"Коридордун бардык тараптарынын макулдашылган чаралары жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү келечектүү, жаңы мультимодалдык маршрутка түрткү берет, ошондой эле анын келечектеги өнүгүшүнө, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө негиз түзөт", - деди Сакиев.

Иш-чаранын жыйынтыгында "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан" мультимодалдык каттамын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган чаралар чагылдырылган протоколго кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 13-сентябрында Ош бекетине Кытайдан жүк ташыган 2 контейнер келип, андан соң темир жол аркылуу Афганистанга жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, 15-сентябрга бул каттам боюнча Кытайдан 10 контейнер жүктүн келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий