• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан боюнча жарык берилди — Энергетика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан боюнча электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Ал айрым чакан айылдарда жарык жок болушу мүмкүндүгүн, бирок электр энергиясы этап-этабы менен берилерин баса белгилеп, тургундарды сабырдуулукка чакырды.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифинг учурунда республика боюнча колдонуучулардын 50 пайыздан ашыгына жарык берилгенин айтып, калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилерин белгилеген.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган. Анын себеби Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болгону айтылат.

Пикир

Оставить комментарий