• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан экспортту алдыга жылдырууну көздөөдө. Кантип инвестиция тартуу керек?

Экономика 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы дайындалган директору Умбриэль Темиралиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында агенттиктин алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн экспортту алдыга жылдыруу керек.

“Азыркы учурда дүйнө жүзү алгач COVID-19 пандемиясы, андан кийин Украинадагы окуялардын негизинде оор учурду баштан кечирүүдө. Мындан тышкары, көп өлкөлөрдө инфляция жүрүп жатат. Мунун баары биздин өлкөнүн экономикасына өз таасирин тийгизет. Кыргызстан үчүн түз жана ири инвестициялар маанилүү, анткени жылына 6 млрд доллардын тегерегинде товар сатып алабыз. Буга чейин бизге тышкы карыздын, экспорттун жана мигранттардын которууларынын эсебинен долларлар келип аткан. Эми саясий окуялардын кесепетинен акча которуулардын саны кыскарышы мүмкүн”, - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда экспорттоочулар өлкөлөрдү байланыштырган логистикалык чынжырдын үзүлгөнүнөн жана инфляциянын кесепетинен бир катар кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүлөр токтоп, бул тамак-аш коопсуздугуна терс таасир этип жатат.

“Коңшу өлкөлөр биздин товарларды өткөрбөй, айрым учурларда өздөрүнүн товарларын сатпай койгон учурлар бар. Биз экспортту алдыга жылдыруубуз абзел, бул үчүн бизге инвестициялар келиш керек. Көпчүлүк инвестиция дегенди ири фонддордун келиши катары түшүнүшөт. Бирок алар үч түргө бөлүнөрүн түшүнүү керек. Бул ири банктар жана фонддор тарабынан сунушталган институционалдык инвесторлор, өлкөгө турист катары келип, бул жерде бизнес ачууну чечкен ишкерлер, ошондой эле түз кызматташууну каалаган мамлекеттер”, - деди ал.

Ал түз чет өлкөлүк инвестицияны тартуу үчүн аларга зарыл болгон шарттарды түзүп, ресурстарды даярдап берүү керектигин белгиледи.

Улуттук агенттиктин директорунун айтымында, бул үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте иш алып баруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий