• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алты пайыз менен насыя. "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун өзгөчүлүгү айтылды

Экономика 0

Бишкек, 31.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоорунун өзгөчүлүгү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору 2022-жылдын 12-январында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

“Долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп турат. Быйыл 474 млн сом каралды. Ал эми фермерлерге бериле турган насыялардын жалпы суммасы 4-5 млрд сомго жетет. Насыя 5 жылга чейин, мал чарбасы менен алектенгендерге 3 жылга чейин берилет. Былтыркы "Айыл чарбасын каржылоо - 9" долбоорунда насыянын пайыздык чени 6-10 болсо, быйыл 6 пайыз менен насыя берилет. Мындан сырткары, мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенгендерге мурун 150 миңден 1 млн сомго чейин насыя берилсе, быйыл 300 миңден 3 млн сомго (күрөөсүз) көбөйтүлдү. Тамак-аш жана өнөр жай ишканаларына өткөн жылы 1 млн сомдон 15 млн сомго чейин болсо, эми 500 миңден 20 млн сомго жогорулатылды”, - дейт ал.

“Айыл Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаевдин пикиринде, былтыркы жылы банк тарабынан 2 млрд 300 млн сомго насыя берилген.

“Насыя алуучулардын саны 4,5 миңден ашкан. Анын ичинен 50 пайызы мал чарбасына, 15 пайызы өсүмдүк өстүрүү тармагына, 20 пайызы кайра иштетүү өнөр жай ишканаларына берилди. Быйылкы жылы да “Айыл Банк” долбоорду ишке ашыруу үчүн активдүү иштөөнү улантат. Жыл башынан бери 8 миңден ашык кардар электрондук кезекке турду. Учурда биринчи кезекке тургандар боюнча документтер чогултулууда”, - дейт Асанбаев.

“РСК Банк” ААКтын өкүлү Улан Ашимов өздөрүнүн банкы аркылуу 2021-жылы 3 миң 860 жаранга 2 млрд 300 млн сомго насыя берилгенин маалымдады.

“Насыя негизинен үч субъекке берилди: мал чарба, өсүмдүк өстүрүү (дыйкан) жана кайра иштетүү тармагына. Быйыл дагы бул суммадан кем эмес насыяларды берүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Эскерте кетсек, "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылдан бери иштеп келип, насыялоонун жалпы каржылоосу 47 млрд сомго жетти. Насыя алгандардын саны 110 миңден ашат.

Пикир

Оставить комментарий