• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Маалыматка ылайык, кармалган “М.Д.А.” өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Кармалган чет элдик жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий