• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан эл аралык коомчулуктун афган элине колдоо көрсөтүү аракеттерин кубаттайт — Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кыргызстан гуманитардык катастрофанын алдын алууда эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Евробирликтин афган элине колдоо көрсөтүү аракеттерин кубаттайт. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммитинде билдирди.

Мамлекет башчысы Кабул бийлиги өлкөнүн толук кандуу аймактык экономикалык өз ара аракеттенүү системасына интеграцияланышы үчүн күн тартибинде турган аймактык жана эл аралык бир катар маселелер боюнча дүйнөлүк коомчулук менен консенсуска келе алат деп үмүттөнүп жатабыз деди.

“Биз Афганистандагы аялдардын билим алууга жана иштөөгө болгон укуктарынын чектелишине байланыштуу дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз. Афганистандын азыркы де-факто бийлик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу байланыштардын жүрүшүндө жана эл аралык аянтчалардагы иш-чараларга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасы афган аялдарынын Ислам дининин жана шариаттын түшүнүктөрүнүн негизинде билим алуу жана ишке орношуу укуктарын белгилейт. Мындан улам, бул маселени чечүүгө ашыкча басым жасабастан, ошол эле маалда Ооганстандын жаңы бийликтери менен ынандыруу жана конструктивдүү диалог аркылуу мамиле кылууну зарыл деп эсептейбиз.

Биз азап тарткан афган элине тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү чын дилибизден каалайбыз жана алар өздөрүн кароосуз калгандай сезбеши керек деп эсептейбиз. Гуманитардык аспект өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, ошондуктан эл аралык коомчулуктун гуманитардык миссиясын улантуу зарылдыгын белгилегим келет”, - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий