• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Эстониянын аймагы аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Эстония Республикасынын тышкы иштер министри Эва-Мария Лийметс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча кеңири маселелерди талкуулашты.

Саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү максатында кезектеги тышкы иштер министрликтери аралык саясий консультацияларды өткөрүү зарылдыгы белгиленди. Министр Эстониянын жогорку делегациясын жана бизнес өкүлдөрүн 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтүүчү «Европа Биримдиги –Борбордук Aзия» биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министр Казакбаев Эстониянын аймагы аркылуу жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин белгиледи.

Министр Лийметс өз кезегинде Кыргызстандын экономикасына инвестиция салган эстониялык Rand and Tuulberg Grupp курулуш компаниясынын көйгөйүн жөнгө салууда көмөк көрсөтүүнү суранды.

Маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташууну активдештирүү максатында ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча бир катар келишимдердин долбоорлору эстон тараптын кароосуна берилди.

Министрлер ошондой эле эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде БУУнун уставдык органдарына шайлоодо колдоо көрсөтүү маселелерин карашты.

Жолугушуунун аягында Руслан Казакбаев Эва-Мария Лийметсти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий