• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нуран Ниязалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү, коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды жаңылантуу сыяктуу кыргыз-россия кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир менен алмашышты.

Ошондой эле министрдин орун басары менен элчи жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде и боло турган тышкы саясий иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий