• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан футзал боюнча ДЧ чыгыш үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан жана Непал менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 05.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия-2018 чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Өзбекстан, Түркмөнстан жана Непалдын футболчулары менен беттешет.

Оюн 15нен 17-октябрга чейин ирандын Тебриз шаарында өтөт.

Кыргызстан чучукулактын жыйынтыгы боюнча “А” тайпасына туш келген. “В” тайпасында Иран, Тажикстан жана Афганистандын курамалары бар.

Азия чемпионатынын финалдык чыгарылышына ар бир тайпадан экиден команда чыгат.

Пикир

Оставить комментарий