• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан-Грузиянын ортосундагы инвестициялык тобокелчиликтер азайтылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында КР Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, акыркы жылдары Кыргызстан менен Грузиянын товар жүгүртүүсү 6,4 млн долларга чейин жогорулады, анын ичинде экспорт көлөмү – 2,5 млн доллар. «Бул келишим өлкө экономикасына Грузиядан инвестиция тартууга жана анын корголушуна жол ачып, аргандай тобокелчиликтерди азайтат», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Грузиядан минерал сууларын, дары-дармектерди, электр жылыткычтарын импорттойт.

Пикир

Оставить комментарий