• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Казакстанга “РИХА” компаниясынын продукциясын ташууга тыюу салуу тууралуу расмий билдирүү алган эмес - Жумаканов

Экономика 0

Бишкек, 14.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Казакстанга “РИХА” компаниясынын продукциясын ташууга тыюу салуу тууралуу расмий билдирүү бизге келген жок”, - деп билдирди “Кабар” агенттигине КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов.

Анын айтымында, Казакстандын тиешелүү органынан “РИХА” компаниясынын өндүрүмүн Казакстандын аймагына ташууга тыюу салуу тууралуу эч кандай расмий документтер келген эмес.

“Алар эмне үчүн тыюу салып жатканын биз билбейбиз. “РИХА” компаниясынын дарегине санитардык дарыгердин компаниянын продукциялары санитардык нормаларга жооп бербей турганы жөнүндө токтому келди. Же лабораториялык бүтүм, же негиздеме жок, же кол коюлбаган кандайдыр бир “кагазча” келди. Тагыраагы эч кандай маалымат жок”, - деп билдирди Жумаканов. Ал учурда казак кесиптештеринин дарегине бул учур боюнча негиздеме берүү өтүнүчү менен расмий кат даярдалып жатканын белгиледи.

Ал белгилегендей, Казакстанда Ветеринардык көзөмөл комитети бар жана катты бул маалыматты ЖМКларга жайылткан санитардык дарыгер эмес, ошол комитет жөнөтүшү керек эле.

Мамветинспекциянын башчысы “РИХА” компаниясынын продукциясы Казакстан гана эмес, Россияга да ташылаарын белгиледи. “Бул компания ЕАЭБдин реестрине кирет. Продукциянын сапатына эч кандай нааразычылыктар болгон эмес. 10-ноябрда эле компания Казакстанга өндүрүмүн экспорттогон, бардыгы жакшы болчу. Эгерде кандайдыр бир санитардык нормаларды бузуулар болсо, анда россиялыктар аларды аныкташмак”, - дейт Жумаканов.

Ал казак кесиптештердин аракети ортодогу келишимдерге дал келбестигин билдирди.

Мамветинспекциянын башчысы 2017-жылы “РИХА” компаниясы Казакстанга 1,04 тонна сүт азыктарын, 33,04 тонна эт азыктарын жакшынакай эле ташыганын айтты.

“Мындан тышкары Казакстан “Ак-Сүт”, “Эмилия” сыяктуу бир нече компаниялардын продукциясын ташууга тыюу саларын билдирүүдө. Бирок бул компаниялар бул өлкө менен иштебей калганына бир жыл болду. Алар болсо, бул ишканалардын өндүрүмүнө тыюу салабыз деп жатышат. Кызык, алар мындай фокустарды эмнеге кылып жатышат. Аларга тыюу салгыдай, бул компаниялар өз продукцияларын Казакстанга ташыбай калганына көп болду. Алардын аракеттеринин мотиви, акыркы убакта түшүнүксүз болууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий