• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан келечекте Россия менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат

Өкмөт 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Вице-премьер-министрдин м.а. Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-россия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал россиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракттешүүсүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий