• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов карьерасын Европада улантышы мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. "Дордойдун" жана Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов карьерасын Словакияда улантышы мүмкүн.

Батырканов азыркы учурда "Спартак Трнава" футбол клубунда кароодон өтүудө.

Белгилей кетсек, клуб Туркиянын Анталия шаарында окуу-машыгуу өткөрүүдө.

Кыргыз футболчусун клубга кабыл алуу чечими кароодон соң кабыл алынат.

"Спартак Трнава" клубу 1920-жылы негизделген. Ал жалпысынан Словакиянын 6 жолку чемпиону.

Өткөн жылы "Спартак" 45 жылдык тыныгуудан кийин өзүнө чемпиондук наамын кайтарып алган.

Пикир

Оставить комментарий