• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев өмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы жыйынды ачып жатып, коронавирустук инфекция чыккан Кытада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чаралар тууралуу айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дароо чаралар топтому кабыл алынды: ыкчам штаб түзүлдү, мамлекеттик чек аранын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү, «Манас» жана «Ош» аэропортунда келген жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. 2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен аба, унаа жана темир жол каттамдары толук бойдон токтотулду.

Премьер-министр баса белгилегендей, өлкөгө ташылган айыл чарба продукцияларына көзөмөлдү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Пикир

Оставить комментарий