• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай бийлиги Ухандагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө 43,2 миллион доллар бөлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өнүктүрүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүн РИА Новости жазып чыкты.

Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болду.

"Бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты "Хошэньшань" жана "Лэйшэньшань" атайын оорукананын курулушуна жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бөлүнгөн акча каражаты керектүү медициналык жабдууларды сатып алууга да жумшалат.

Буга чейин Ухань шаарында коронавирусту жуктуруп алгандарды кармоочу эки атайын оорукана курула турганы белгилүү болгон. Мурунку аптанын жума күнүндө биринчи оорукананын курулушу башталган. Оорукананы 2-февралга чейин бүтүрүү пландалууда. Жаңы курулуп жаткан имараттын аянтты 25 миң чарчы метри түзөт, ал 700дөн 1 миң бейтапка ылайыкташылган. Экинчи оорукана кеминде 1,3 миң адамга ылайык курулууда.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Пикир

Оставить комментарий