• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен ЭӨА ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам 2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо) ратификациялоого мүмкүндүк берет.

Макулдашууга 2023-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсү менен 745 м узундуктагы IV ишке киргизүү комплексинин "Чыгыш" магистралдык тармагын реконструкциялоодо жетишпеген каражаттарды жабуу үчүн Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун кошумча каржылоо катары Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын 6,9 млн АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын тартуу максатында кол коюлган.

6,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттар жылдык 0% пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүнөт, анын ичинде жеңилдетилген мөөнөт - 10 жыл.

Ушуга байланыштуу тартылган каражаттар белгиленген тартипте "Бишкекжылуулуктармагы" - "Электр станциялар" ААКтын филиалына рекредиттелген, Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.

Ошону менен бирге акча каражаттарын кайтаруу "карызды тейлөө боюнча милдеттенмелер" беренеси боюнча жылуулук энергиясына тарифке киргизилген чыгымдардын эсебинен, анын ичинде тармактарды жарым-жартылай жаңыртуу жана жылуулук энергиясынын заманбап эсепке алуу приборлорун ишке киргизүү аркылуу жылуулук энергиясынын жоготууларын кыскартуунун эсебинен жүзөгө ашырылышы болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий