• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тармактык комитетте Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди.

Анын айтымында, 2-февралда, таңкы саат 02:59да Бишкек шаарынын ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөн.

«Кечээ кечинде биз штаттык режимге чыктык. Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 310 МВт түзүп, 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат», - деген Т.Байгазиев Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланып жатканын кошумчалады.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, министрдин орун басары бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулганын, ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылып жатканын маалымдады. Ошондой эле баяндамачы кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан адистердин абалы жөнүндө айтып берди.

Талкуу маалында депутат Эмил Токтошев кырсыктын себептери боюнча маселе көтөрүп, аны алдын алууга болот беле деген суроону узатты. Буга Байгазиев бул жагдайды ведомстволор аралык комиссия иликтеп жатканын ырастады.

Ал эми эл өкүлү Максатбек Сарбагышев тиешелүү министрлик жылуулук электр борборун реконструкциялоо зарылдыгын жетекчиликке жеткирип, долбоордук-сметалык документацияларды иштеп чыгууга тийиш экенин белгиледи. Муну менен катар депутат өзгөчө стратегиялык объектилерде кадрдык саясатты ырааттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Депутат Кундузбек Сулайманов энергетикалык жабдуулардын эскилиги тууралуу сөз кылып, тариф саясатын кайра карап чыгуу маселесин ортого салды. Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо отканалардын абалы, алардын коопсуздугун текшерүү, кырсыктын себептерин аныктоо тууралуу маалыматтарды тактады. Бул пикирди депутат Марат Мураталиев да колдоп, стратегиялык объектилердин коопсуздугу биринчи орунда турушу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий