• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Финляндиянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 15.02.20. /Кабар/. Кечээ, 14-февраль күнү Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар 2020-жылга карата жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графигин, эл аралык уюмдардын алкагында иштешүү, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташууну талкуулашкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Хаависто, Айдарбековду Финляндияга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Өз кезегинде Айдарбеков, Хаавистону быйыл жайында Бишкекте өтө турган ЕБ – БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий