• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Япония бир нече багытта кызматташууну бекемдөөнү макулдашты

Саясат 0

2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Э.Осоевдун Япониянын тышкы иштер министринин орун басары-мамлекеттик министри Киото Тцужи жана Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Ёширо Фукузава менен расмий жолугушууларды өткөрдү.

Кеңири баарлашуунун жана пикир алмашуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, парламенттер аралык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча жигердүү аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Элчи Э.Осоев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын ноябрында Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгын кыргыз тарап абдан позитивдүү жана тарыхый деп эсептей тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар аталган сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого макулдашты.

Элчи Э.Осоев Япониянын Тышкы иштер министрлигине мамлекет башчынын сапарын даярдоодо жана өткөрүүдө натыйжалуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапардын жыйынтыктарын эске алуу менен кыргыз тарап 2024-жылга пландаштырып жаткан иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди.

Тараптар 2024-жылдын августунда Астанада пландаштырылган “Борбор Азия-Япония” диалогунун биринчи саммитин өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2024-жылдын күзүндө Японияга сапарын уюштуруу боюнча ишти улантууну макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык дипломатиянын маселелерин талкуулашты жана Кыргыз Республикасында банк тармагы, адам ресурстары, гидроэнергетика, маалыматтык технологиялар жана башка тармактарда япон компанияларынын санынын өсүү тенденциясын белгилешти, ошондой бул багыттар боюнча Япониянын тышкы соода уюму (JETRO), Япониянын Россия жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу уюмунун (РОТОБО), Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы (JBIC) жана башка уюмдар менен кызматташууну максималдуу жогорулатууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий