• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Спорт 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаарында бильярддын "Эркин пирамида" түрү боюнча 19 жашка чейин жаш өспүрүмдөр арасында Дүйнө биринчилиги старт алды.

Салтанаттуу ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Бильярд федерациясынын өкүлдөрү, спорт чеберлер жана оюнчулар катышты.

Алтынбек Максутов чемпионатты ачып жатып, бильярд оюну нагыз күчтүүлөрдүн оюну экендигин, физикалык даярдыктан тышкары моралдык туруктуулукту жана жогорку маданиятты талап кыла турганын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Министр ошондой эле, кыргыз спортчуларынын жетишкендиктери, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык мелдештердеги жогорку деңгээлде өткөрүү тажрыйбасы эске алуу менен, Кыргызстанда Дүйнө биринчилигин жана Дүйнө чемпионатын өткөрүү ишеничин көрсөткөн үчүн Конфедерацияга ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, бильярд боюнча 19 жашка чейин жаш өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө Биринчилиги 25-февралга чейин уланат. Мелдешке 5 өлкөдөн келген 58 спортчу (42 уландар, 16 кыздар) катышууда.

Кыргызстандан бул оюндарга улук машыктыруучу Акжол Мавляновдун жетекчилиги алдында 16 спортчу катышууда.

Кыргыз курама командасынын курамы: Аяна Исабаева, Уулкыз Маматкадырова, Байдөөлөт Төлөнбаев, Артур Огобаев, Нурсултан Таштанбеков, Нурбол Бектемиров, Артур Акылбеков,

Азирет Орозонов, Алишер Темир уулу, Элдияр Эркегулов, Эржан Карабеков, Жылдызбек Мурзаев, Нурбайыл Абдыкаров, Кубаныч Мадиярбек уулу, Адил Токоев жана Бакыт Арстанбапов.

Пикир

Оставить комментарий