• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Саясат 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Күн мурун, 19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маектешүүнүн соңунда тараптар Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы саясий диалогду мындан ары да бекемдөөгө жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий