• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коюу тумандан улам Ошто бардык аба каттамдары кармалууда

Коом 0

Бишкек, 20.01.24. /Кабар/. Ошто аба ырайынын шарттарына байланыштуу бүгүн, 20-январда бардык аба каттамдары убактылуу кармалууда.

"Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, эртең мененки саат 10:00дөн тарта "Ош" эл аралык аэропортун коюу туман каптап турат. Учурдагы учуу көрүнүшү горизонталдуу 76 метрди, вертикалдуу 60 метрди түзөт.

Белгиленгендей, учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий