• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Монголия аскердик кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 18.04.24./Кабар/. Кыргызстан менен Монголия аскердик кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Маселе КР коргоо министринин биринчи орун басары Руслан Мукамбетовдун учурда иш сапары менен Кыргызстанга келген Монголиянын президентинин администррациясынын жетекчиси Янгуг Содбаатар менен жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Атап айтканда, тараптар тынчтыкты сактоо иш-чараларынын алкагында биргелешкен иштерди улантууга даяр экенин белгилешти.

Монголиянын президентинин администрациясынын жетекчиси Кыргызстан менен Монголиянын Куралдуу күчтөрүнүн мумкүнчүлүгүн чыңдоо боюнча тараптардын биргелешкен демилгелерин колдоону белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий