• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Швейцариянын бизнес өкүлдөрү кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 10.09.18 /Кабар/. КРнын Инвестицияларды коргоо жана алдыга жылдыруу агенттигинде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана бизнес-коомчулуктарынын өкүлдөрү менен Швейцариянын бизнес-делегациясынын жолугушуусу өттү.

Швейцариялык ишкерлердин тобу 5-сентябрдан 9-сентябрга чейин Кыргызстанда болушту.

Экономиканын түрдүү тармактарында иштеген Швейцариянын бизнес-чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык жөндөмдүүлүгү жана кызматташтыктын келечеги менен таанышты.

Эл аралык жумушчу кеңешинин (ЭЖК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков конокторго ЭЖКнын ишмердүүлүгү тууралуу, бизнес-ассоциация потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш курууда көмөктөшө аларын айтты.

“Швейцария Кыргызстанга техникалык жактан жардам берүүнү улантып жатканына ыраазыбыз. Бизнес-делегациялардын келиши эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелери өнүгүп жатканынан, көбүрөөк биргелешкен долбоорлор болорунан кабар берет” - деди ЭЖКнын башчысы.

“Эки өлкөнүн мамилеси Швейцариянын экономика, билим берүү жана иликтөө министри Йоханн Шнайдер-Аммандын Бишкекке болгон сапарынан соң жаңы баскычка чыкты”, - деди Аскар Сыдыков

Ушул жылдын июль айында Кыргызстанга Швейцариянын министри Йоханн Шнайдер-Амман баштаган чоң делегация келген. 30 кишиден турган делегациянын курамына парламенттин, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Швейцариялык компаниялардын Кыргызстанда ишкердик жүргүзүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп жатып делегация Кыргызстандын жеке секторунун өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар, ЭЖК, Швейцариянын Кыргызстандагы компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккан.

Делегациянын мүчөлөрү билдиришкендей, Швейцариянын түз чет элдик инвестициялары (негизинен туризм жана кызмат көрсөтүү тармагында), сүт азыктарын өндүрүү жөнөкөй бойдон калууда. Бирок алар эл аралык сапат стандарттарын жана санитардык нормаларды сактоо шарты менен көбөйүшү мүмкүн.

“Швейцария Кыргызстанга сапаттын улуттук системасын бекемдөөдө жана сооданын процедураларын жөнөкөйлөштүрүүгө көмөктөшүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр”, - деди министр Йоханн Шнайдер-Амман

Пикир

Оставить комментарий