• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Швециянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.03.21. /Кабар/. Кечээ, 13-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Бишкек шаарында Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча турненин алкагында Кыргызстанга келген ЕККУнун учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара символдук мааниге ээ, анткени ал жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" КР мыйзамынын долбоору боюнча референдумга туш келди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен ЕККУнун өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, министр Руслан Казакбаев Кыргызстан коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча тең укуктук диалог үчүн ЕККУну маанилүү аянтча катары карап жаткандыгын билдирди.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу, сот жана укук коргоо системаларын реформалоо КРнын өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп саналат.

Ошондой эле Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусу шайлоо процесстеринин өнүгүүсүнүн мисалы болуп саналары белгиленди. 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн жүрүшүндө ДИАУБнын байкоочу миссиялары менен ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын биргелешкен иштери жогору бааланды.

КРнын мамлекеттик органдарынын ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен өз ара пайдалуу кызматташтыгы өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги академиясынын ишмердүүлүгү, аны мындан ары кеңейтүү жана илимий-изилдөө дараметин бекемдөө маселелери каралды.

Демократиялык процесстерди мындан ары колдоо жана өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун бекемдөө боюнча конструктивдүү кызматташууну улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

Бүгүн, ошондой эле КР менен Швециянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Анткени, Швеция менен мамилелерди көп тараптуу жана эки тараптуу форматта өнүктүрүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү.

Аны менен бирге, Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча шведдик тажрыйбага кызыкдар. Муну менен бирге, социалдык чөйрөдө гендердик теңчиликти камсыз кылууга жана өлкөнүн улгайган калкынын укуктарын коргоого артыкчылык берилери айтылды.

Швеция тарап ушул жылы Европа Биримдиги-Борбордук Азия экономикалык форумун Бишкекте өткөрүү өтө маанилүү экендигин белгиледи, бул иш-чара кыска мөөнөттүн ичинде ковидден кийинки экономиканы калыбына келтирүүгө жана анын узак мөөнөттүү терс кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда мамлекеттердин ортосунда туруктуу саясий диалогду орнотуунун жана колдоонун, анын ичинде тышкы саясий органдарынын деңгээлиндеги кызматташуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Ушуга байланыштуу тараптар биринчи ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий