• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР элчиси Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Ушул жылдын 26-январында Кыргызстандын Пакистандагы Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамар Афтаб Куреши менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги визиттер менен алмашуу, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы регулярдуу авиакаттамдарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий