• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Сингапурдун интеллектуалдык менчик ведомстволору кызматташат

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Кечээ, 5-январда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Сингапурдун интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (IPOS) жетекчиси Рена Ли менен онлайн форматта жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар ведомстволор аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргызпатенттин директору интеллектуалдык менчикти ишке ашыруу жана алардын натыйжаларын коммерциалаштырууну пайдалануу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.

Рена Ли Сингапурдун интеллектуалдык менчик боюнча 2020-2030-жылдарга карата стратегиясы менен тааныштырды.

Тараптар интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдөгү акыркы жетишкендиктери менен бөлүшүп, Сингапурдун интеллектуалдык менчик Академиясы менен кыргыз тараптын мындан ары өз ара аракеттенүүсүн эки тараптуу кызматташуунун потенциалдуу багыты катары белгилешти.

Кыргызпатенттин директору IPOS ведомствосун Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде Рена Ли географиялык даректүү тасмалар аркылуу Кыргызстан тууралуу жакшы маалыматтарды биле тургандыгын жана иш сапары менен барууга кызыкдар экендигин билдирип, Кыргызпатенттин директорун Сингапурга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий