• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Бишкек, 01.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-майында түрк тараптын демилгеси менен Кыргызстандыш тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев түркиялык кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мевлют Чавушоглу Жээнбек Кулубаевди КР тышкы иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары стратегиялык өнөктөштүк формасында бекемделген эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Биргелешкен Стратегиялык Пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Түркиянын өлкө башчыларынын деңгээлинде Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти Кыргызстанда өткөрүү маселеси талкууланды.

Эл аралык маселелерди талкуулап жатып, КРдин тышкы иштер министри Ж. Кулубаев Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды бошоңдотуу процессинде Түркиянын ортомчу ролун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий