• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары Ташкентте өткөн турнирде тең чыгышты

Спорт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы (U-16) менен Тажикстандын спортчулары Ташкентте өткөн “CAFA boys tournament 2018” турниринде тең чыгышты. 5-июлда башталган турнир 10-июлга чейин уланат.

Кыргызстандыктардын дарбазасына алгачкы гол оюндун 17-мүнөтүндө, ал эми 23-мүнөттө экинчи топ кирген.

Атаандаштардын дарбазасына биринчи голду Адилет Каныбеков киргизди. Оюндун 36-мүнөтүндө Мирланбек Худайбердиев гол киргизип, эсепти теңеген. Ошентип оюн 2:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Турнирдин жүгүртмөсү:

5-июль

Афганистан – Өзбекстан – 18:00

Кыргыз Республикасы – Тажикстан – 21:00

7 –июль

Өзбекстан – Кыргыз Республикасы – 18:00

Тажикстан – Афганистан – 21:00

Оюн Ташкент шаарындагы Улуттук стадиондо өтөт.

9 -июль

Тажикстан – Өзбекстан – 17:45

Афганистан – Кыргыз Республикасы – 21:30.

Пикир

Оставить комментарий