• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы CAFA U-17 турнирине даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкекте 10-августтан 17-августка чейин 2008-жылдан улуу эмес оюнчулардан куралган Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасынын окуу-машыгуу жыйыны өтүүдө.

Кыргыз футболдук союзунун билдиришкендей, команда Афганистан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ирандын курама командалары менен алдыдагы CAFA U-17 Championship 2023 оюндарына даярданып жатат.

Оюндар 20-27-август аралыгында Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Башкы машыктыруучу Игорь Никитин жетектеген машыктыруучулар штабы 23 оюнчуну чакырды:

Дарбазачылар:
Шапкарин Александр (Дордой)
Кулуев Даниель (Илбирс)
Ильин Данил (Абдыш-Ата)

Коргоочулар:
Бакирдинов Эрбол (Илбирс)
Камчыбеков Эрбол (Талант)
Джумабаев Шахсултан (Алай)
Муратбеков Айдар (Дордой)
Садыков Мансур (Дордой)
Наджимидинов Исхак (Дордой)
Пазылов Атай (Жалал-Абад)
Исабеков Кайрат (Чемпион)
Калмурзаев Саян (Жалал-Абад)

Чабуулчулар:
Исаков Амантур (Дордой)
Канатов Кайрат (Абдыш-Ата)
Узманов Алихан (Алай)

Жарым коргоочулар:
Садырбаев Сыймык (Илбирс)
Кхе Иннан (Дордой)
Ишенбеков Эмир (Илбирс)
Алтынбеков Айдар (Алай)
Ормонов Жанболот (Алай)
Зарыпбеков Тилекмат (Илбирс)
Урмаматов Бекзат (Алай)
Талантбеков Эмир (Илбирс)

Машыктыруучу штабы:
Никитин Игорь - башкы машыктыруучу
Есин Максим - менеджер
Исманбеков Артур - дарбаза боюнча машыктыруучу
Садкеев Асан - дарыгер
Нусубалиев Эрмек - машыктыруучу
Мадиев Сардар - медиа - офицер.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында бир контролдук беттеш пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий