• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын энергокомпаниялары биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. КР Улуттук энергохолдинг компаниясында Кыргызстан менен Өзбекстандын энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында электр жабдууларын коммерциялык эсепке алуу системасын автоматташтыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилери талкууланды.

Ошондой эле тараптар алгач электр жабдууларын коммерциялык эсепке алуу системасын автоматташтыруу жабдыктарды орнотуу жана биллинг системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну макулдашышты.

Аталган жолугушуу Улуттук энергехолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ААКтын башкы директору Б.Жаныбековдордун катышуусунда КР энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгынын астында өттү.

Өзбекстан Республикасы тарабынан «Аймактык электр тармактары» ААКнын «Электр энергиясын автоматташтыруу борбору» филиалынын директору Р.Б. Мирсалихов жана «Toshelectroapparat» ЖЧКсынын өндүрүш боюнча директору А.Ф. Ким катышты.

Пикир

Оставить комментарий