• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. 2020-жылдын 3-февралында Ташкентте «С5+1» форматындагы министрлик жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Абдулазиз Камилов жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашкан.

"Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессине, соода жана экономикалык кызматташтык маселелерине, ошондой эле көп тараптуу аянтчаларда биргелешкен күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий