• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таланттуу дипломаттар менен сыймыктана алат — Россиянын элчиси КР ТИМдин 80 жылдыгы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге куттуктоо катын жолдоду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, элчинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Сизди жана министрликтин жалпы жамаатын Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу СССРдин Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөндө эле мыкты эмгек жолун курган бүтүндөй таланттуу дипломаттардын муундары менен сыймыктана алат.

Учурда Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрликтери өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана Евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүүгө олуттуу салым кошууда.

Жээнбек Молдоканович сизге, ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине чын жүрөгүмдөн чың ден соолук, бакубатчылык жана бардык жакшылыктарды каалайм".

Пикир

Оставить комментарий