• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноорузда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда Нооруз майрамында коомдук тартипти сактоо жана учурдагы кылмыштуулуктун абалы, аны алдын алуу жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоонун негизги чаралары сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеге министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Ниязбеков Нооруз майрамына карата бардык аймактарда жана борбор калаада республикалык деңгээлдеги массалык-маданий иш-чаралар өткөрүлөтрүн белгиледи.

"Эң башкысы коомдук тартипти натыйжалуу камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Бир дагы аймакта массалык мушташууларга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин", - деди ал.

Ошондой эле министр "милиция өз милдетин аткарган жок" деген сын-пикирлер айтылышына жол бербөө керектигин айтып, өздүк курамдын сырткы формалык келбети ирээтке келтирилсин деген талабын койду.

"Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер баардык жарандарга сылык мамиле жасап, тартипти жана мыйзамды бузбай, жүктөлгөн милдеттерди так аткарышсын. Жер-жердеги баардык жетекчилер жогоруда аталган массалык-маданий иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын", - деп баса белгиледи Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий