• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек мэриясы муниципалдык имараттардын ижарачыларынан карызын төлөөнү суранат

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бишкектеги шаардык кызматтар муниципалитетке болгон карызы үчүн Фере көчөсү, 32 А дарегиндеги муниципалдык турак эмес жайдан чыгаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде мэриянын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Милициянын кайгуул кызматынын, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти ижарачыларды болгон карыздардын баарын жоюуну кайрадан эскертет.

"Эгерде карыздар төлөнбөсө, КР мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө тийишпиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий