• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 10 айда 53 миң жаранга укуктук жана социалдык жардам берилген

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Юстиция министри Аяз Баетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министрликтин 2023-жылдын 10 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 10 айында жүргүзүлгөн экспертизалардын жана иштелип чыккан ченемдик-укуктук актылардын саны 3 миң 938ди түзгөн.

Баетов белгилегендей, мындан тышкары бул аралыкта төмөндөгүдөй иш-аракеттер аткарылган:

- берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүулөрдүн жана берилген нотариалдык иш-аракеттердин саны - 101 млн 686 миң 964 (2022-жылы - 2 млн 55 миң 11);
- укуктук жана социалдык жардам алгандардын саны - 52 миң 811 (2022-жылы - 64 миң 312);
- эксплуатацияга берилген, же пландалган объектилердин саны - 6 (2022-жылы - 5);
- ишке киргизилген жана модернизацияланган автоматтык маалыматтык (АМС) системалардын саны - 9 (2022-жылы - 3);
- ишти жүргүзүүдөн келип түшүүлөрдүн көлөмү - 271 млн 917 миң сомду түздү (2022-жылы - 275 млн сом);
- укуктук маалыматтардын борбордук базасына киргизилген актылардын саны - 14 миң 935 (2022-жылы - 12 миң 484);
- министрликтин катышуусунда ченемдик-укуктук актылардын саны - 84, анын ичинен 29у кабыл алынды, 54ү иштелип чыккан, же илгерилетүү баскычында турат, бирөөсү чакыртып алынган.

Пикир

Оставить комментарий