• 88.68
  • 95
  • 0.95

Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда заманбап бала бакчанын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле имараттын айланасын көрктөндүрүү жана кыш мезгилинде куюлган бетондорду алуу иштери аткарылууда. Алуу иштеринен кийин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, имараттын жалпы аянты 1 390 чарчы метрди, ал эми жер участогунун аянты — 0,68 гектарды түзөт.

Бекитилген долбоор боюнча имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана, жууну бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык зал, кампа жана техникалык жайлар каралган.

Пикир

Оставить комментарий